Кыргызстандын суу ресурстары боюнча маек

Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө экенине карабай, электр энергия тартыштыгы жаралды. Канткенде бул көйгөйдөн кутулуп, ага кошуп пайда дагы көрө алабыз?

Таза суу, электр энергиясы, климаттын өзгөрүүсү, кургакчылык… Бул учурда Кыргызстандын гана эмес, дүйнө жүзүнүн башын оорутуп турган маселелер. Кыргызстандык окумуштуулар сууну рационалдуу пайдалануу менен өзүбүздүн гана эмес, коңшулардын дагы ажатын ачсак болорун айтат.

Sputnik радиосунун эфиринде Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов жана аталган илимий борбордун лабораториясынын жетекчиси Максат Абдулдаев болуп, Кыргызстандын суулары тууралуу кенен маек курушту. Кененирек маалымат шилтемеси https://sputnik.kg/economy/20210510/1052451672/kyrgyzstan-suu-gehs-okumushtuu-maek.html