Дүйнөлүк банктын суу маселелери боюнча улуу адиси Абдулхамид Азад менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда Дүйнөлүк банктын суу маселелери боюнча улуу адиси Абдулхамид Азад менен жолугушуу болуп өттү

  2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда Дүйнөлүк банктын суу маселелери боюнча улуу адиси Абдулхамид Азад, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлү жана институттун окумуштуулары катышкан  жыйын болду.

      Анда институттун директору, география илимдеринин доктору, профессор Доктурбек Токтосартович Чонтоев улуттук суу ресурстарынын маселелери жана Кыргызстандын ирригациясына бөлүнгөн инвестициялар жана ал долбоорго институттун окумуштууларынын активдүү катышуусу тууралу айтып берди.

      Дүйнөлүк банктын суу маселелери боюнча адистери иштеген офис Ташкент шаарында жайгашкан. Ал 1998-жылдан баштап Борбордук Азия өлкөлөрү менен иштеп келет. Дүйнөлүк банктын өкүлү Абдулхамид Азад Кыргызстандагы суу чарба жана ирригация маселелери боюнча долбоорлор менен иштегенине үч жыл болду. Анын аталган тармакка өзгөчө көнүл бөлүп, кийинки жылдары бул тармакка чон инвестицияларды тартып жаткандыгы кубандырат.

   Абдулхамид Азад өз сөзүндө Кыргызстанга ирригациялык курулуштар, суу ресурстарын тартипке келтирүү жана бассейндер үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрликтери аркылуу 5 суу бассейндерин тейлөөгө, суу ресурстарын иштеп чыгууга  жана бшкарууга 4,5 млн доллар каражат бөлүнгөндүгү тууралу айтып өттү. Мында мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, гидро, суу жана энергетика тармагында изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуулардын тансыктыгы бар экендигин, ага байланыштуу Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун окумуштууларын активдүү тартуу керек экендигин да баса белгиледи.

   Учурда Ысык-Көлдөн тартып Баткенге чейин ичүүчү суунун санитариясы, жалпы эле ирригация маселелерине Дүйнөлүк банк тарабынан инвестиция иретинде 100 млн. доллар каражат бөлүнө тургандыгы жөнүндө, анын 50 млн. доллары Мамлекетик курулуш агенттигине жана 50 млн. доллары суу чарбасына жумшалары тууралу билдирди. Дал ушул долбоорлордо институттун окумуштууларынан 2 адис изилдөөлөрдү жүргүзө тургандыгын, алардын бири бассейндерди башкарууда жана экинчиси суу ресурстарын башкарууда жардам бере тургандыгын белгиледи. Жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларды изилдөөдө окумуштуулардын билими, илимий тажрыйбасы, кесипкөйлүгү  долбоордун кыска мөөнөттө ишке ашышына өбөлгө боло тургандыгына ишеними чон экендигин билдирди.

    Институттун директору, география илимдеринин доктору Доктурбек Токтосартович Чонтоев, башка өлкөлөргө караганда Кыргызстан суу тармагында иштеген окумуштуу адистерге учурда муктаждык болуп жаткандыгын, дүйнөлүк банктын өкүлү Абдулхамид Азад билдиргендей, учурда даяр болгон банктын отчету менен таанышып чыккандан кийин, сөзсүз. институттан кесипкөй адистер долбоорго катыша тургандыгын айтты. Ал быйылкы жылы 30-майда өтө турган “Ичүүчү сууну ар тараптуу жана жалпы негизде колдонууга жана суу ресурстарын модернизациялоо боюнча”  бүткүл дүйнөлүк бир күндүк форумга байланышкан маселелерге токтолду жана ал форумда суу бөлүштүрүүга байланышкан маселелер боюнча өзү доклад жасай тургандыгын билдирди.  

     Андан ары Д.Т.Чонтоев жана А.Азад Париж макулдашууларында көтөрүлгөн маселелер боюнча Дүйнөлүк банктын суу маселелери тууралу суу чарбасын камсыздоо жана ишке ашырыла турган долбоордун пландары боюнча пикир алышты. Бул маселеге байланыштуу А.Азад өзү даярдап келген жазуу түрүндөгү кыскача маалыматты институттун директору Д.Т.Чонтоевге тапшырды. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан даярдалган толук маалымат институтка бир аз убакыттан кийин бериле тургандыгы макулдашылды.