Институт водных проблем и гидроэнергетики Национальной академии наук Кыргызской Республики был образован в 1992 году. Его деятельность ориентирована на проведение фундаментальных научных исследований и прикладных разработок в области рационального использования водного и водно-энергетического потенциала, которые имеют приоритетное значение для экономического развития как Кыргызстана, так и других Центрально-Азиатских государств.

Сотрудничество

Суу ресурстарын биргеликте изилдөө тууралуу кызматташтык

    2023-жылдын 1-мартында Кытай Эл Республикасынын Синжан экология жана география институту менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика инстутутунун ортосунда кызматташтык тууралу меморандумга кол коюлду.

   Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика инстутутунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоев Кытайдан келген илимий делегацияны институттун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Улуттук Илимдер академиясында 1500дөн ашуун кызматкер, ал эми институттун 6 лабораториясында  52 кызматкер, Тянь-Шань  бийик тоолуу илимий борборунда 28 кызматкер эмгектенип жаткандыгын айтты. Кытай тарап менен биргеликте иштеген 2006 жылдан берки илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында бүгүнкү жолугушуу уюштурулуп жаткандыгын жана алдыда эки тарапка да пайдалуу боло турган илимий ачылыштарга күбө боло турган күндөр алыс эместигин белгилеп өттү.

    Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Синжан экология жана география институтунун директору, профессор Жанг Йуан Минг Кытайдан келген окумуштуулар менен тааныштырып, кыргыз тараптын чакыруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал Синжан экология жана география институту жөнүндө кенен маалымат берди. Институтта учурда 450 кызматкер иштеп жаткандыгын, 150 аспирант жана 56 чет өлкөлүк студент билим алып жаткандыгын билдирди. 56 студенттин көпчүлүгү Борборазия өлкөлөрүнөн экендигин баса белгиледи.

   Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун башчысы Рысбек Сатылканов илимий кызматташтык 2006-жылдан бери уланып келе жаткандыгын, бүгүнкү күндө бардык тараптан аппараттар менен  жабдылган илимий станциянын толук кандуу иштеп, баалуу илимий маалыматтар алынып жана байкоолор жыл бою тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

   Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика инстутутунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоев жана Кытай Эл Республикасынын Синжан экология жана география институтунун директору, профессор Жанг Йуан Минг суу ресурстарын, мөнгүлөрдү жана токой массивдеринин экологиясын биргеликте изилдөөдө кызматташуу тууралу меморандумга кол коюшту.

Сотрудничество ИВПиГЭ НАН КР с СИЭиГ АН КНР по исследованию

водных ресурсов

   1 марта 2023 года подписан Меморандум о сотрудничестве между Синьцзянским институтом экологии и географии Академии наук Китайской Народной Республики (СИЭиГ АН КНР) и Институтом водных проблем и гидроэнергетики Национальной академии наук Кыргызской Республики (ИВПиГЭ НАН КР).

  Директор ИВПиГЭ НАН КР доктор географических наук, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович ознакомил научную делегацию из Китая с деятельностью Института. Он сообщил, что в НАН КР работает более 1500 сотрудников, в 6-ти лабораториях института работает 52 сотрудников, в Тянь-Шаньском высокогорном научном центре (ТЩВНЦ) при ИВПиГЭ — 28 сотрудников. Сотрудничество ИВПиГЭ с китайскими научными подразделениями проводится с 2006 г., чем обусловлена и настоящая встреча. Он выразил уверенность, что недалеки дни, когда мы станем свидетелями научных открытий, которые будут полезны обеим сторонам.

   В свою очередь директор СИЭиГ АН КНР профессор Чжан Юань Мин представил присутствующих ученых из Китая и выразил благодарность за приглашение с кыргызской стороны. Он подробно рассказал о своем Институте, сообщив, что в нем ведут исследования 450 сотрудников, обучаются 150 аспирантов и 56 иностранных студентов, большинство которых из стран Центральной Азии.

Заведующий ТЩВНЦ к.т.н. Сатылканов Рысбек Абылаевич отметил, что их тесное  научное сотрудничество с АН КНР продолжается с 2006 г., что на сегодняшний день научная станция, оснащенная при финансовой поддержке китайской стороны всеми приборами, полноценно функционирует, ведется сбор ценных научных данных и непрерывно проводится мониторинг водных ресурсов  и динамики ледников Внутреннего Тянь-Шаня.

   В завершение встречи директор ИВПиГЭ Догдурбек Токтосартович Чонтоев и директор СИЭиГ АН КНР профессор Чжан Юань Мин подписали Меморандум о сотрудничестве в области совместных исследований водных ресурсов, лесов и экологии лесных массивов.

Проснувшись однажды утром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.

Читайте также: