Институт водных проблем и гидроэнергетики Национальной академии наук Кыргызской Республики был образован в 1992 году. Его деятельность ориентирована на проведение фундаментальных научных исследований и прикладных разработок в области рационального использования водного и водно-энергетического потенциала, которые имеют приоритетное значение для экономического развития как Кыргызстана, так и других Центрально-Азиатских государств.

тегерек стол

“Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстанда суунун тартыштыгынын себеби” аттуу илимий тегерек стол

    2023-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту “Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстанда суунун тартыштыгынын себеби” аттуу илимий тегерек стол өткөрдү.
Илимий тегерек столду өткөрүүнүн максаты – Бишкек шаарында жана жалпы Кыргызстан боюнча суунун тартыштыгынын себептерин илимий изилдөө. Бул илимий тегерек столдо суунун тартыштыгынын актуалдуу проблемалары, суунун жетишсиздиги проблемасы боюнча практикалык чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуучу жактар үчүн суу ресурстарын башкаруу ыкмалары талкууланды.
Бул жолугушууга бардык кызыкдар адамдар: мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК, эксперттер, суу көйгөйлөр жаатында изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий кызматкерлер чакырылды.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечим кабыл алынды:
1 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин Бишкек шаарынын жана башка региондордун калкын суу менен туруктуу камсыз кылууга кызыкдар мамлекеттик органдар, мекемелер, чечим кабыл алуучу жактар менен тыгыз кызматташуусу керектиги;
2 Суу ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан практикалык сунуштарды тийиштүү мекемелерге жиберүү.

Читайте также: